Бул - акыркы айлардагы эң айгышкан атышуулардын натыйжасы. Өлкөнүн антитеррористтик операциялар боюнча борбору билдиргендей, беш аскер Светлодарск деген шаарчага жакын жердеги атышуулардан мерт болуп, дагы алтоосу жаракат алды.
Украин тарап ошондой эле 18-декабрда таңга маал башталган атышуулардан 20дай согушкер жок кылынды деп да ырастоодо.
Азыркы атышуулар учурунда оор артиллерия жана ири калибирдеги башка курал-жарак да колдонулган.
18-декабрда украин аскерлери менен оор атышуулар болгонун орусиялык жана орусиячыл жикчилер жарыялаган “Луганск элдик республикасы” менен менен байланышы бар маалымат агенттиктери да кабарлады.
Бирок, алардын айтымында, украин тараптын жоготуусу беш аскерден көп. (UE)