Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапар менен 18-декабрда Индияга кетти. Cапар учурунда Индия президенти Пранаб Кумар Мукержи, вице-президент Мохаммад Хамид Ансари, премьер-министр Нарендра Моди менен жолугат жана кыргыз-индия бизнес форумуна катышат.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, 21-декабрга чейин улана турган сапар алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.
Индиядан келгенден кийин Алмазбек Атамбаев Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейформал саммитине катышары да маалымдалган. Январдын башында Кытайга иш сапары белгиленген. Айрым булактар Атамбаев жакында Өзбекстанга да барарын маалымдашууда. (SE)