Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Серепчилер референдум менен шайлоонун жыйынтыгын талкуулашат


Кыргызстанда 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум бүгүн Бишкекте серепчилердин, активисттердин, саясий жана мамлекеттик ишмерлердин катышуусунда талкууланат.

Аны Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршылык билдирип келген активисттердин “Конституциялык кеңешме түзүү кыймылы” уюштурууда.

Маалыматка караганда, тегерек үстөл “Саясатта дайыма кыймыл болуп турушу керек” деген максатта өтөт. Катышуучулар акыркы саясий жараянга берилген оң жана терс бааларды талдашат. Ага Борбордук шайлоо комиссиясынан өкүлдөр да чакырылган. Жыйындын соңунда резолюция кабыл алынат.

11-декабрдагы референдум жана шайлоого добуш берүүчүлөрдүн кырк пайыздан ашууну катышкан. Алардын сексен пайызга жакыны Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдошкон.

Президенттин ыйгарым укуктарын азайтып, өкмөт башчы менен депутаттардыкын көбөйтөрү айтылган Конституция эмки жылдын декабрында күчүнө кирет. (SE)

XS
SM
MD
LG