Түркияда Кайсери шаарындагы ишемби күнкү жардырууну уюштурган деген шек менен жети киши кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу билдирди.
Ал күнү жардыргыч зат салынган унаа аскер кызматкерлери бара жаткан автобусту сүзүп жарылган эле. Жеңил унаанынын рулунда жанкечти болгон. Жарылуунун жыйынтыгында 13 киши мерт кетип, 50гө жакыны жарадар болушкан.
Азырынча теракт үчүн бир дагы уюм жоопкерчилик ала элек, бирок Түркия бийлиги аны «Күрт жумушчулар партиясы» уюштурган болушу мүмкүн деп шек саноодо.
Бир жума мурда Стамбулдагы кош жардыруудан 40тан ашык адам каза болгон. Алар үчүн жоопкерчиликти күрт жикчилдерине байланышы бар радикалдуу аскерлешкен топ алган.