Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Кыргызстанда биринчи балдар хосписи кайрадан ачылууда


Кыргызстандагы биринчи балдар хосписи Бишкек шаардык мэриясы тарабынан бөлүнгөн имаратта кайрадан ачылууда. Бул тууралуу “Азаттыка” аталган хоспистин жетекчиси Динара Аляева кабарлады.

Айыккыс жана жан чыдагыс ооруга чалдыккан балдарга жардам иретинде 2015-жылы “Биринчи балдар хосписи” кайрымдуулук уюму жеке үйдү ижаралап бир жылдан ашуун иштетип келген.

Быйыл мэрия тарабынан балдардын мурдагы кургак учук ооруканасы кайрадан оңдолуп, бүгүн ачылмакчы. Хосписте буга чейин ондогон балдар атайын адистердин жардамын алып келишкен. (BCh)

XS
SM
MD
LG