Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:45

Сирияда элди алып бараткан автобустар чабуулга кабылды


Алеппо.
Алеппо.

Сириянын Алеппо шаарынын түндүк жагынан адамдарды эвакуация кылып жаткан автобустар бомба чабуулуна кабылды. Сириядагы адам укуктарын мониторинг кылуу борбору билдиргендей, автобустарга белгисиз кишилер жекшембиде кол салышты.

Дамаск бул үчүн куралдуу оппозицияны айыптады. Козголоңчулар болсо муну чагым болушу ыктымалдыгын айтып жатышат. Укук коргоочулар эвакуация иштери дагы убактылуу токтотулганын билдиришти.

Кол салууларга карабай, 18-декабрда 350 киши Алепподон чыгарылды. Элди тынч жерге көчүрүү иштери 15-декабрда, өкмөт шаарга көзөмөл орноткондон кийин башталган. Бирок арада бир канча жолу иш үзгултүккө учурады.

XS
SM
MD
LG