Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:04

"Дүйнө сулуусу-2016" наамын Пуэрто-Рикодон келген кыз алды


Сынактын расмий сайтындагы сүрөт.

"Дүйнө сулуусу-2016" наамын Пуэрто-Рико өкүлү Стефани Дель Валле ээледи. Сынактын расмий сайты маалымдагандай, финал 18-декабрда АКШнын Мэриленд штатында өттү.

Экинчи орун жана биринчи вице-мисс наамы Доминикан Республикасынан келген Яритза Мигелина Рейес Рамиреске берилди. Үчүнчү орунду индонезиялык Наташа Маннуэле алды. Алдыңкы бештикке Кения менен Филиппиндин кыздары да киришти.

Бул сынакка Кыргызстандан 18 жаштагы Перизат Расулбек кызы катышты.

Эске салсак, уюштуруучулар кыздар тууралуу расмий сайтка маалымат чыгарган кезде алгач Кыргызстандык катышуучунун тушуна Казакстандын желегин коюшкан. Бир канча күндөн кийин бул ката оңдолгон.

XS
SM
MD
LG