Бишкекте өткөн маалымат жыйында Ош базарындагы өлгөн малдын эти сатылган көмүскө базарды аткаминерлер калкалап жатканы айтылды. Бул тууралуу КТРКнын кабарчысы Элнура Молдокадырова билдирип, өзү даярдаган телеберүү обого чыгардын алдында аны алып салууну сураган ар кандай телефон чалуулар, коркутуп-үркүтүүлөр болгонун маалымдады. Ал эми Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти көрсөтүүнү алып салууну өтүнгөнүн жана жаңы жылдык белек-бечкек берүүнү убада кылганын кошумчалады. Бирок кимдер кайрылганын так айткан жок. Көмүскө эт базарына "чоң" адамдар аралашканын белгилеп, президент, ички иштер министрине базарды иретке келтирүү боюнча ачык кайрылуу жолдонду.
Өткөн аптада КТРКда аталган базардагы көмүскө эт базарындагы абал тууралуу иликтөө ободон кеткен. Анда бул жерде 10 жылдан бери таң атпай ар түрдүү жагдайда өлгөн малдын эти сатылары, көбүнчө алар колбаса цехтеринде кайра иштетилери жана милиция, базар жетекчилиги, шаардык бийлик баарын билгени менен эч кандай чара көрбөй келе жатканы баяндалган.
Бул көйгөйдү жалпыга маалымдоо каражаттары буга чейин да көтөрүп келишкен. Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти журналистти сатып алуу аракети тууралуу маалымат бере элек. (NT)