Бул тууралуу 2017-2030-жылдарга карата саламаттыкты чыңдоо боюнча мамлекеттик программада белгиленген. Аталган программаны 16-декабрда саламаттык сактоо министрлиги коомго жарыялады. Анда cоңку жылдары өлкөдө эркектер арасында суицид көбөйүп кеткенине көңүл бөлүүгө жана мунун алдын алууга чакырык ташталган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыр жалпы суицид 100 миң адамдын 6,93 пайызын түзгөн. 2007-жылдан бери эркектер арасында өз жанын кыйгысы келгендер эки эсе көбөйгөн. Кыргызстандын аймактары боюнча салыштыра келгенде, жалпысынан суицидге баргандар Ысык-Көл облусунда басымдуу. Нарын дубанында акыркы жылдары өз жанын кыйгандар бир жарым эсе жогорулаган. (NT)