Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Алепподо эвакуациялоо кайра уланды


Чыгыш Алеппо.
Чыгыш Алеппо.

Сириянын Алеппо шаарында жайкын тургундарды жана козголоңчуларды эвакуациялоо кайра улантылды. Бул аракет 16-декабрда үзгүлтүккө учураган.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы миңдеген адамдарды салган автобустар шаардын чыгышынан жолго чыкканын тастыктады. Дүйшөмбүдө Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Алеппого байкоочулар миссиясын жөнөтүү маселеси добушка коюлат. Ал тапта Сирия бийлиги төрт жылдан бери биринчи жолу тургундарды Алеппонун борборуна алып келди:

- Мен бул жакка келүүдөн коркуп жаткам. Акыры көндүрүп алып келишти. Мурда бул жерден көргөн нерселерден эч нерсе калбаптыр,- деди Алеппонун тургуну Мариана Аль-Ханаш.

Алеппо 2012-жылдан бери экиге бөлүнүп, шаардын чыгышын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөп келген. Орусиядан колдоо алган президент Башар Асаддын күчтөрү калааны дээрлик колго алганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG