Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:40

Иорданиянын Карак шаарында он адамдын өмүрүн алган чабуулдан кийин тургундар бийликтен коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылышууда.

Жекшемби күнү белгисиз чабуулчулар туристтер көп топтолгон чепке кирип келип, ок чыгарышкан. Анда мерт кеткен адамдардын арасында Канаданын бир жараны бар. Полиция төрт чабуулчуну атып өлтүргөнүн кабарлады.

“Кылмышкерлер тобу бардык коопсуздук чараларынан өтүп, Карак чебине кириш келишти. Бул өтө белгилүү туристтик жай. Анда жашырына турган көп жерлер бар”, - деди Карактын тургуну Хамза Бтоуш.

Бул Иорданиядагы соңку жылдардагы эң кандуу чабуул болуп калды. Эч бир тарап жоопкерчиликти алган жок. Иордан бийлиги чабуулчулардын тек-жайы боюнча маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG