Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

20-декабрга аба ырайы


Кыш.
Кыш.

Шашылыш билдирүү

2016-жылдын 19-20-декабрда жааган карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолундагы ашууларда, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр, Красная-Горка-Ак-Таш, Нарын-Казарман, Каракол-Эңилчек жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл. 

20-декабрда түнкүсүн жана эртең менен өлкө аймагында туман түшүшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2,

Талас жергесинде түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...+2,

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5,

Нарын аймагында түнкүсүн -15...-20, күндүз -10...-15 градус болот.

Бишкек шаарында кечинде жана эртең менен туман түшүшү ыктымал. Түнкүсүн -8...-10, күндүз -1...+1 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG