Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Чет өлкөлүк жарандарды каттоо жөнүндөгү» токтомго 19-декабрда кол койду. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, ага ылайык жарандары Кыргызстанга келген соң беш күн ичинде каттоого туруудан бошотулган 92 мамлекеттин тизмеси бекитилди. Бул өлкөлөрдүн атуулдары үчүн тизмеге жараша 10 күндөн 90 жумушчу күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат берилген. Муну менен 4-ноябрда күчүнө кирген мыйзам эрежелери өзгөртүлөт.
Аталган мыйзамда Кыргызстанда беш күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керектиги белгиленген. Туризм, бизнес тармагындагы адистер бул жобо туристтерди тартууга терс таасир тийгизип, туризм тармагы артка кетерин айтып чыгышкан.
11-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматы 92 мамлекет атуулдарына өлкөдө он күндөн 90 күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат берген токтом долбоорун өкмөткө сунуштап, ал коомдук талкууга коюлган болчу. (NT)