Сибирдин Иркутск шаарында лосьон косметикалык каражатын ичип алып каза тапкандардын саны өскөнүнө байланыштуу чукул кырдаал жарыяланды.
Федералдык иликтөө комитети курамында спирт бар “Боярышник” деп аталган лосьонду ичкен 33 адам өлүмгө кириптер болгонун билдирди. Натыйжада Иркутсктун мэри Дмитрий Бердников бул косметикалык каражатты сатууга тыюу салды.
Расмийлер лосьонду алкоголдук ичимдик катары колдонуу өлүмгө алып келерин эскертип жатат. Бул каражатты саткан жети адам кармалып, жалпы көлөмү 500 литрлик лосьон салынган 2000 контейнер конфискацияланды.