Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

БУУ Алеппого байкоочуларын жөнөтөт


БУУнун Коопсуздук кеңеши
БУУнун Коопсуздук кеңеши

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириянын Алеппо шаарына байкоочулар миссиясын жөнөтүү маселесин бир добуштан колдоду. Франция бул чара калаанын чыгышындагы “массалык киши өлтүрүүлөрдү” алдын алуу максатын көздөй турганын билдирди.

Кеңештин 15 мүчөсү жактырган резолюцияга ылайык, БУУ Алеппонун чыгышындагы эвакуация ишин көзөмөлдөй башташы керек. Мындан тышкары уюмдун баш катчысы Пан Ги Мун байкоочуларды жөнөтүү маселеси боюнча Сириянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Орусия менен Франция жекшембиде үч саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин гана бул резолюция боюнча мунаса табышты.

XS
SM
MD
LG