Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Анкарада орус элчисин атып өлтүргөн адам түрк полициячысы болгон

Hurriyet Daily News басылмасына Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу билдиргендей, Орусия элчиси Андрей Карловго бир нече ок аткан адам 22 жаштагы түрк полициячысы Мевлют Мерт Алтынташ экени алдын-ала аныкталды. Маалыматтарга караганда, Айдын провинциясында төрөлгөн жигит кийин Измирдеги полициячылардын окуу жайында билим алган. Анкарадагы сүрөт көргөзмөсүндө орус элчисине ок ачкан жигит ошол жерде атылып өлтүрүлгөн. Түркия бийликтери маркумдун ата-энесинин үйүн тинтүүгө алып, жакындарын суракка алганы кармап кетишкени кабарланды. Түркия менен Орусиянын расмий жетекчилиги кол салууну эки өлкөнүн ортосуна чагым салууну көздөгөн провокация деп аташты. Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Анкарадагы чабуулду террордук акт деп айыптады.

XS
SM
MD
LG