Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:09

Кыргызстанда аялдардын шайлоого катышуу укугу начарлоодо


Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге аялдардын талапкер болушу жана мандат алуусу жылдан жылга начарлоодо. Жогорку Кеңеште да абал дурус эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” Адам укуктары боюнча кеңештин төрайымы Гүлжамал Султаналиева билдирип, мындай тыянак эксперттердин жүргүзгөн изилдөөсү менен чыгарылганын айтты.

11-декабрда өткөн жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгы боюнча азырынча мандаттар бериле элек. Бирок серепчилер мында да аялдар аз санды түзөрүн божомолдоп жатышат.

Мыйзам боюнча саясий партиялардын тизмесиндеги талапкерлердин 30 пайызы башка жыныс өкүлдөрү болушу керек. Бирок бул 30 пайызды аялдар түзүшү кажет дегенди түшүндүрбөйт. Тескерисинче, 70 пайыз аялдардан куралса да болот. Андан тышкары, менталитеттеги “аял киши алсыз” деген түшүнүк жана эркектерге караганда каржылык абалы жакшы эместигинен да шайлоо эрежелери сакталбай келүүдө.

Бүгүн ушул темага арнап Адам укуктары боюнча кеңеш Бишкекте форум өткөрөт. Анын төрайымы Гүлжамал Султаналиева билдиргендей, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдарда, Башкы прокуратура менен Жогорку Сотто иштеген адистер катышкан жыйындын аягында резолюция кабыл алынып, бийликке жолдонот.

Шайлоодогу аялдар укугун талдаган форум “Парк отелде” өтөт.

XS
SM
MD
LG