Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:50

Аскаровдун бүгүнкү сотун видеого тартууга уруксат берилди


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Июнь коогасы боюнча айыпталып жаткан Азимжан Аскаровдун бүгүнкү сотунда журналисттер видео жана фото тартууга акылуу. Адвокаттардын маалыматы боюнча өткөн жумадагы отурумда сот ушундай чечим чыгарган. Бүгүн саат 10до баштала турган жараянда тараптардын пикири угулат.

Ишти 4-октябрдан бери ар аптанын шейшемби күнү Чүй облустук соту Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде карап жатат. Буга чейинки отурумдарды видео жана сүрөткө тартууга уруксат берилген эмес.

Мурда Жалал-Абадда укук коргоочулук менен алектенген 65 жаштагы Азимжан Аскаровго 2010-жылдагы июнь коогалаңында "жаңжалды козуткан жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан" деген айып тагылып, өмүр бою абакка кесилген. Укук коргоочулар, адвокаттар жана Аскаров өзү да күнөөнү күч менен моюнга алганын айтып келишет. Тергөө муну менен макул эмес.

Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз камалганын айтып, бошотууну талап кылган. Бул сунуштун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. (SE)

XS
SM
MD
LG