Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Эквадордо жер титирөөдөн эки адам набыт болду


Эквадордун түндүк-батышында дүйшөмбүдө күчү 5,8 баллга жеткен зилзалада эки адам набыт кетип, алтоо жараат алганын бийлик кабарлады. Тынч океандын жээгиндеги Атакамес жана Тонсуп шаарларында бир топ турак-жайлар жана үч мейманкана кыйрады. Коопсуздуктан улам чоң мунай завод ишин токтотту.

Кабарларга караганда, алгачкы күчтүү термелүүдөн соң жыйырмадан ашуун майда силкинүүлөр болду.

Быйыл жазында Эквадордо 8 баллга жакын зилзала катталып, 670 киши жашоо менен кош айтышкан эле. (SE)

 

XS
SM
MD
LG