Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

ЖМК тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда тармактык комитетте каралат


Журналисттер
Журналисттер

Мындай чечим 20-декабрдагы парламенттик угууда кабыл алынды. Ага депутаттар, мамлекеттик мекеме, жарандык коом өкүлдөрү, журналисттер жана эксперттер катышып, сунушталган өзгөртүүлөрдүн оош-кыйыштары талкууланды.

Демилгечилердин бири, депутат Кожобек Рыспаев мыйзам долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин укуктук жактан жөнгө салууну көздөй турганын жана бир гана телеканалдарга багытталганын белгиледи. Анын айтымында, чет элдик тараптын телеканалардагы үлүшү 35 пайыздан ашпоого тийиш. Буга чейин чет жактан каржыланган медиа уюмдарга сырттан келүүчү акча жалпы каржынын 20 пайызынан ашпоосу керек деген сунуш берилип, ал жарандык коомдун сынына кабылган эле. Бүгүнкү талкууда демилгечилер бир топ чектөөлөр алынганын маалымдашты.

Талкуу учурунда медиа-эксперттер, журналисттер бул мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү сөз эркиндигин чектей турганын айтышты. Соңунда сунуш-пикирлерди эске алуу менен документти тармактык комитетте экинчи окууда кароо чечими чыгарылды. Аталган мыйзамды депутаттар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган.

Анда жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу экени да жазылган.

Жайында бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланып, биринчи окууда 79 депутат колдогон.(NT)

XS
SM
MD
LG