Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Текебаев: жүз миң шайлоочу өзүн тизмеден таппай калды


Текебаев.
Текебаев.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум учурунда кеминде жүз миң адам өзүн тизмеден тапкан жок. Бул тууралуу парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев Бишкекте өткөн шайлоодогу аялдардын саясий укуктары боюнча талкууда билдирди:

- Сарпашев 3 миң адам өзүн тизмеден таба албай калганын айтууда. Бул жалган. Анткени, 3 миңди 2200 участкага бөлсөң бирден тиет экен. Ал бир участкада бир эле адам өзүн таба албай калды деп жатат. Бирок, ар бирибиз өзүбүз барган участкада 50дөн 100гө чейин адам өзүн тизмеден таппай калганын көрдүк. Кеминде жүз миң адам өзүн тизмеден тапкан жок.

11-декабрдагы шайлоо жана референдум маалында тизмеден аты-жөнү чыкпай калгандар, биометриялык маалыматы жоктор добуш бере алган эмес. Ошондой эле бир катар добушканаларда жабдыктардын иштебей калганына нааразылык чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG