Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

АКШнын Анкарадагы элчилигине ок аткан адам кармалды


АКШнын Түркиядагы элчилиги.
АКШнын Түркиядагы элчилиги.

АКШнын Анкарадагы элчилигине ок аткан адамды полиция кармап кетти. Бул окуядан кийин Американын Түркиядагы элчилиги жана консулдуктары убактылуу жабылды.

Элчиликтин маалыматы боюнча, белгисиз адам жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат төрттөр чамасында ок чыгара баштаган. Окуядан эч ким жабыркаган жок.

“Анадолу” мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, шектүү пальтосуна катылган мылтыкты алып чыгып, сегиз жолу ок аткан. Элчиликтин коопсуздук күчтөрү чабуулчуну токтотуп калууга жетишкен.

Бул окуя Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов Анкарада атып өлтүрүлгөндөн бир нече саат өткөндөн кийин болуп олтурат.

XS
SM
MD
LG