Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Кыргызстан Орусияны баскынчы деген резолюцияны колдогон жок


БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны.
БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны.

Кыргызстан Орусияны "баскынчы мамлекет" деп таануу боюнча БУУнун резолюциясына добуш берген жок. Бул тууралуу Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү Twitterдеги баракчасына жазды. Маалыматка караганда, Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Орусиянын Крымды аннексиялап алышына байланыштуу Украина сунуштаган резолюцияны 19-декабрда кабыл алды. Анда Орусия - баскынчы, Крым жана Севастополь убактылуу басып алынган аймактар катары таанылган.

Резолюцияны 70 мамлекет колдогон, 26 өлкө - Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Армения, Беларусь, Кытай, Индия жана Иран "каршы" добуш беришти. 77 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстан добуш берген жок.

Украина аталган резолюция долбоорун быйыл ноябрда сунуштаган. Документти иштеп чыгууга АКШ, Британия жана Франция баштаган 38 мамлекет катышкан. Резолюцияда Крымда адам укуктары тепселип жатканы, айрыкча татарлар менен украиндердин абалы оор экени белгиленген. Ошондой эле Москвага крым-татар элдеринин межилисин экстремисттик уюм деп тааныган чечимди жокко чыгаруу чакырыгы ташталган.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү буга чейин документти "бир жактуу жана калыс эмес" деп баалаган. Орусия Крымды 2014-жылдын мартында референдум өткөрүү менен аннексиялап алган. Украина жана эл аралык коомчулук анын жыйынтыгын тааныбайт. Кремлдин бул кадамынан кийин АКШ менен Евробиримдик орусиялык чоң компанияларга жана аткаминерлерге санкция киргизген. (NT)

XS
SM
MD
LG