Чили окумуштуулары кадимки балырдан жасалма терини бөлүп алышты. Мындай тери адамдарды дарылоодо колдонулат, жаңы тери жашыл түстө жана буга чейинки жасалма терилерден айырмаланып дем ала алат.
Чилинин Католик университетинин илимпоздору билдиргендей, кан тамырлардын жоктугу жасалма терилердин башкы көйгөйү болуп келген. Себеби кан тамыр болбосо териге кычкылтек жетпей калат. Ал эми балырдан жасалган соңку жасалма тери фотосинтез процесси аркылуу дем алат.
Окумуштуулар мындай терини ачык жарааттарды, шишиктерди айыктыруу жана ампутацияны алдын алуу үчүн колдонсо болорун ырасташууда. Учурда бул тери жаныбарларда сыноодон өтүп жатат. Кийинки жылы ал биринчи жолу адамга колдонулары күтүлүүдө.