Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москвада бир дипломатынын сөөгү табылганын билдирди. Расмий билдирүүгө ылайык министрликтин Латын Америка бөлүмүндө улук кеңешчи болуп иштеген Петр Польшиковдун сөөгү Балаклав көчөсүндө батирде түндө табылган. Анын жанында октору бар тапанча болгон.
Министрлик иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктарына таянып, Польшниковдун өлүмү жумушуна байланышы жок экенин кабарлады. Москванын полициясы дипломат киши колдуу болгонун же өз жанын кыйганын тактап жатат.