Тышкы иштер министрлиги Иран мамлекет башчысы Хасан Роуханинин Кыргызстанга сапарына байланыштуу бүгүн жыйын курат. Мекеменин Төртүнчү саясий департаменинин директору Жээнбек Кулубаев мартабалуу коноктун сапарына байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берет. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Роухани расмий сапар менен Кыргызстанга 22-декабрда келет.
Ирандын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, сапар алкагында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, аймактык жана эл аралык маанидеги маселелерди талкуулашат. Ошондой эле эки тараптуу кызматташуу жаатында сүйлөшүүлөр болот.
Роухани буга чейин 2015-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген.
Алмазбек Атамбаев Тегеранга былтыр сентябрда расмий сапар жасаган. (SE)