Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкер тандоо жараянын баштады. Бул тууралуу уюмдун төрагасы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди. Бүгүн алар Бишкектеги “Парк отель” мейманканасында ушул темага арналган конференция уюштурууда. Жыйында кыймылдын баскан тарыхы жана пландары да талкууга алынмакчы.
СССР кулап, 1991-жылы мамлекет эгемендикке жетишкенден кийин түзүлгөн Кыргызстан демократиялык кыймылы быйыл 26 жылдыгын белгилеп жатат. Бул уюм кезинде чоң саясий кыймыл катары жаңылануулардын башында турган. Үч жылдан кийин партия түзүлүп, кыймыл жоюлган. Быйыл июнда кайрадан кыймыл катары ишин жанданткан. Ага бир канча саясий партиялар мүчө. (SE)