Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:07

Кара-Көлдө бокс боюнча жаштар биринчилиги өтүүдө


Кара-Көл шаарында бокс боюнча жаштар арасында биринчилик өтүүдө. Таймаштар "Энергетик" спорттук комплексинде уюштурулду. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, мелдеш КМШ уюмунун 25 жылдыгына, Социалисттик эмгектин баатыры Зосим Серыйдын, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, эмгек сиңирген гидрокуруучу Бексултан Хуриевдин, эмек сиңирген куруучу, альпинист Мамасалы Сабировдун жаркын элестерине арналган.

Байгелер 10 салмакта 18-19 жаштагы мушкерлер арасында ойнотулат. 20-декабрда башталган таймаштар 24-декабрга чейин уланат. (ECh)

XS
SM
MD
LG