Орусия, Иран жана Түркия тынчтык келишимин иштеп чыгуу үчүн Сириядагы араздашкан тараптар менен иштешүүнү макулдашты. Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
Анын айтымында, бул үч өлкө Сирия өкмөтү менен көтөрүлүшчүлөрдүн ортосундагы болочоктогу мунасанын кепили катары иш алып бармай болушту.
Аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер жана коргоо министрлери Москвада жолугушту. Алар Сирияда ок атышпоо келишимин бекемдөө жана гуманитардык жардамга шарт түзүү боюнча да бир пикирге келишти. Лавровдун айтымында, жыйынга чогулгандар Сириянын президенти Башар Асадды кетирүүдөн мурда террорчулукка каршы күрөшүүгө артыкчылык беришерин билдиришти.