Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:33

Цюрихте мечитке чабуул койгон адамдын исламчыларга тиешеси жок


Мусулмандар ушул имаратта сыйынып жатышканда кол салуу болгон.

Цюрих шаарындагы мечитке чабуул жасап, адамдарды жарадар кылган адамдын исламчыл жоочуларга тиешеси жок экенин күч органдары билдиришти. Ал мечиттегилерге кол салгандан соң өзүн да өлтүргөн. Калаа милициясынын маалыматына ылайык, маркум Швейцариянын жараны болгон.

19-декабрда аталган шаарда мечитте мусулмандар намаз окуп жаткан учурда чабуул жасалып, үч киши жараат алган. Ок аткан адам качып кеткен эле. Ок тийип оор жараат алгандар ооруканада жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG