Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

АКШ орусиялыктар илинген санкциянын тизмесин кеңейтти


Евгений Пригожин, Кремлди тейлеген "Конкор Кейтеринг" фирмасынын жетекчиси.
Евгений Пригожин, Кремлди тейлеген "Конкор Кейтеринг" фирмасынын жетекчиси.

Москванын Украинага кийлигишип жатканына байланыштуу АКШ орусиялык жеке адамдар жана фирмалар кирген “кара тизмени” кеңейтти. Арасында президент Владимир Путиндин “улук ашпозчусу” аталган ресторатор Евгений Пригожин да бар.

Питерлик бул ишкер Кремлге кейтеринг* кызматын сунуштап келет. Анын ысымы маалымат сайттарында, социалдык тармактарда Кремлдин саясатын колдоп пикир жазып жүргөн каймана аттагы кишилер менен байланыштуу экени да айтылат.

20-декабрда жаңыланган тизмеге дагы сегиз жаран жана Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымдагы отуздан ашуун компания кошулду. Андан тышкары Novatek газ компаниясы да бар.

Буга чейин АКШ киргизген санкция 102 фирмага жана 128 жеке адамга каршы багытталган. (SE)

P.S.: Кейтеринг - кай бир компания же топко коомдук тамактануу кызматын сунуштоо.

XS
SM
MD
LG