Бишкекте селки менен биринчи кездешүүдө 1300 доллар жана 2000 юань уурдатканын айтып, 30 жаштагы жаран милицияга кайрылган. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргенедей, бул адам кыз менен интернетте таанышып, жолугушкан, андан кийин акчасы жоголгонун байкаган. Уурулукка шектүү делип 21 жаштагы кыз кармалды. Териштирүү жүрүп жатат. (NT)