Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун 21-декабрдагы буйругу менен Чүй облусунун Жайыл районунун акими Турусбек Ногоевге катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ногоев "шайлоо маалында аймактагы коомдук-саясий абалга тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзгөн эмес, укук коргоо органдарынын, министрлик жана башка мекемелердин ишин координациялоо жаатында кемчиликтерге жол берген" деген негизде жогоркудай чечим кабыл алынды. Ошондой эле аким эл менен жигердүү иш алып барган жок деп сынга алынды.
11-декабрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Кара-Балта шаарында жети пайыздык чектен өткөн "Жаңы шаар" партиясына байланыштуу жаңжал чыккан. «Азия-2» базарынын жетекчиси Зууракан Сегизбаева баласы менен кызы талапкер катары катталган партияга добуш берүүгө элди үгүттөп жүргөнү, кол алдында иштеген сатуучулардан кеминде он шайлоочу табууну талап кылганы жана баш тарткандарга ижара акыны жогорулатууну айтып коркутканы кабарланып, кылмыш иши козголгон. Жайыл райондук ички иштер башкармалыгы бул партия шайлоочуларды сатып алганы тууралуу материалдарды БШКга жолдогон. Боршайком партиянын алган добуштарын жокко чыгарган.
Кара-Балтадагы жаңжалдан улам Жайыл райондук прокурору Алтынбек Намазалиев, райондук ички иштер бөлүмдүн жетекчиси иштен алынса, Чүй облустук прокуроруна жана облустук милиция башчысына катуу сөгүш жарыяланган эле. Ал эми партия лидери, Зууракан Сегизбаеванын уулу Тилек Нааматбеков мыйзамсыз аракеттер болбогонун айтууда. (NT)