Бул тууралуу журналист Дайырбек Орунбеков "Азаттыкка" билдирди. Анын ырасташынча, президент Алмазбек Атамбаевге 2 миллион сом төлөбөй, “соттун чечимин аткаруудан баш тартты” деген айып журналистке коюлган жалаа:
- Мен соттун чечимин аткаруудан баш тарткан эмесмин. Мага карата козголгон кылмыш иши мыйзамсыз. Баш мыйзамдын жана эл аралык адам укуктарынын жоболорун бузуу менен кабыл алынган. Президенттин пайдасына чечилген 2 000 000 айып пулду өз мүмкүнчүлүгүмө жараша төлөп атам. Бирок ага карабай күнөө коюлуп жатат.
Адвокаттар мамлекеттик айыптоо журналистти эки жылга эркинен ажыратууну сурашы мүмкүн дешүүдө. Орунбеков буга чейин каржылык шарты болбогондуктан доону төлөй албай жатканын билдирип, Аламүдүн соту ага административдик жаза катары айып пул салган. Актоочу тарап муну менен журналист укуктук жаза алганын, бирок экинчи ирет жазалоо аракети жасалып жатканын белгилөөдө. Бүгүнкү сотто бир кылмышка эки жаза берилбейт деген негизде ишти кыскартуу сунушталды, бирок сот аны канааттандырган жок.
Дайырбек Орунбеков 2014-жылы сентябрда Мaalymat.kg сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жарыялаган соң Башкы прокуратура анда жазылгандар “президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген” деп, кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлүп, журналистке 2 миллион сомдук доо коюлган. Июндан тарта Орунбеков айыппулду төлөй баштаган. Бирок, Октябрь райондук милициясы “доону төлөгөн жок” деген айыптын негизинде Орунбековго кылмыш иши козгогон. Кийинки териштирүү 26-декабрга белгиленди. (NT)