Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:56

АКШ Сирия боюнча соңку макулдашууну күмөн саноо менен кубаттады


Орусия, Түркия, Иран тышкы иштер министрлеринин Москвадагы жыйыны. 20-декабрь, 2016-жыл.
Орусия, Түркия, Иран тышкы иштер министрлеринин Москвадагы жыйыны. 20-декабрь, 2016-жыл.

Сирия боюнча тынчтык келишимди даярдоо багытында иштөөнү бул ирет Орусия, Түркия, Иран макулдашты.

- Кошмо Штаттар Сирияда иш жүзүндө, өзгөчө Алепподо калган адамдар үчүн маңыздуу натыйжа берип, ага катар саясий сүйлөшүүлөрдү жандандыруу үчүн ок атышууну токтотууга багытталган кандай аракет болбосун кубаттайт, - деди Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Жон Кирби.

Мунун алдында Мамлекеттик катчы Жон Керри Орусия жана Түркия тышкы иштер министрлери менен телефондон сүйлөшүү өткөргөн эле.

Орусия, Иран, Түркиянын тышкы саясий мекеме жетекчилери кечээ Москвадагы жыйындан соң алар Сирияда ок атышууну токтотуу режими жана гуманитардык жардамды кеңейтүүгө аракеттенип, болочоктогу тынчтык келишимдин кепили болорун жарыялашкан.

Бул үч өлкө ичинен Орусия менен Иран Сирия президенти Башар Асаддын режимин колдоп, ага жардам берип жүрүшсө, Түркия тескерисинче каршы.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жон Кирби Орусиянын Башар Асаддын режимине таасир көргөзүү боюнча буга чейинки бир катар убадалары оңунан чыкпай калганын эскертип, Москвадагы жолугушуунун тынчтык сүйлөшүүлөргө таасири тууралуу азырынча айтуу эртелик кыларын белгиледи.

Ал ошондой эле Сирия боюнча буга чейинки тынчтык сүйлөшүүлөрдө негизги оюнчу болуп келген Вашингтондун Москвадагы жолугушууга катышпай калышы анын “экинчи планда” калышын туюндурбасын кошумчалады. (UE)

XS
SM
MD
LG