Бул тууралуу “Электрстанциялар” ишканасынан кабарлашты. Аталган мекеме Токтогул ГЭСинде 15-декабрда 300 мегаВатт кубаттуулуктагы гидроагреаттын кабелдери иштен чыкканын ырастады. Учурда аны оңдоо иштери жүрүп жатат.
Буга чейин ГЭСте авария болуп, кабель линиясы жарактан чыгып, 16-декабрдан тарта бир агрегат токтоп калганы кабарланган. Бирок "Улуттук энергохолдинг" компаниясы "муну авария деп айтууга болбой турганын, техникалык мүчүлүштүктөр кеткенин жана кеңири маалымат кийинчерээк" берилерин билдирген.
ГЭСте былтыр 23-декабрда да авария болуп, станция кыска мөөнөткө токтогон.
Токтогул ГЭСи - Кыргызстандагы суу электр энергиясын өндүрүүчү жана эң ири ирригациялык ишкана. Станция Кетмен-Төбө өрөөнүндө Нарын дарыясынын кууш жеринде курулган. 1975-жылдан бери иштейт. Анын төрт агрегаты бар.
Өткөн жылы ГЭСти кайрадан оңдоп-түзөөгө Азия өнүктүрүү банкынан 110 миллион доллар, Евразия өнүктүрүү банкынан 100 миллион доллар жеңилдетилген шартта насыя алуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргыз тарап 40 миллион доллар бөлө турган болгон. (NT)