Орус элчисинин өлүмүнө Анкара Фетхулах Гүленди айыптарын АКШга билдирди.
Мамлекеттик “Анадолу” жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглы АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен телефон сүйлөшүүсүндө Түркия менен Орусия элчи Андрей Карловдун атып өлтүрүүнүн артында Гүлендин уюму турганын билишерин айткан.
Түркия бийлиги быйыл жайдагы аскерий төңкөрүш аракети үчүн күнөөлөгөн динаятчы Фетхуллах Гүленди өткөрүп берүүнү АКШдан талап кылып келет.
АКШ азырынча мындан баш тартып, бул үчүн ишенимдүү далилдерди талап кылган.
Түркиянын айрым расмий өкүлдөрү соңку күндөрү АКШ орус элчисине кол салууну колдоду деген ойлорун айта баштады.
АКШ Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жон Кирби мындан улам төмөнкүлөрдү билдирди:
-Бул күлкүлүү ырастоо жана толугу менен калп, чындыкка таптакыр коошпойт. Мамлекеттик катчы тышкы иштер министри менен (Түркиянын) сүйлөшүүдө бул нерсени ачык айтты. Биз жыйынтык чыгаруудан мурда тергөөчүлөр өз ишин аткаруусуна мүмкүндүк берип, фактыларга, далилдерге ээ болушубуз керек.
Маалыматтарга караганда, АКШ Мамлекеттик катчысы Түркияга орус элчисинин өлтүрүлүшүн тергөөдө жардам сунуш кылган. Бирок Анкара тергөө Орусия менен чогуу жүргүзүлөрүн маалымдаган.
Орус элчиси Түркия борборунда 19-декабрдын кечинде мурдагы полиция кызматкери тарабынан атып өлтүрүлгөн эле.
Динаятчы Фетхуллах Гүлен кол салууну “кара ниет террор актысы” катары айыптаган. (UE)