Орус президентинин өкмөткө мындай тапшырмасы Иркутск шаарында жуунучу каражат - лосьон ичип өлгөндөрдүн саны 62ге жеткен учурда берилди.
Путин эми өкмөттөн арак-шарап менен катар курамында 25 пайыздан көп алкоголь бар жуунуучу каражат, ошондой эле этанол бар дары-дармек жана курамында спирт бар продукцияларды өндүрүп, стакандарга көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылууда.
Орусиянын Тергөө комитети билдиргендей, Иркутскиде адамдар ууланган лосьондун курамында адаттагы этанол эмес, метанол спирти болгон. Буга байланыштуу кеминде он эки адам кармалып, лосьонду мыйзамсыз өндүргөн эки ишкана жабылды.
Сапатсыз жана арзан алкоголго уулануу Орусиянын аймактарында кеңири жайылган көрүнүш. Роспотребнадзор мекемеси өткөн айда билдиргендей, быйылкы жылдын тогуз айында эле мындай 36 миң факт катталып, өмүрү кыйылгандар саны 9300гө жеткен. (UE)