Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:11

Румыниянын премьер-министрлигине мусулман аял көрсөтүлдү


Румыния премьер-министрлигине көрсөтүлгөн Севил Шайдех.

Ушул айдагы шайлоодо парламенттеги орундардын көпчүлүгүн алган Социал-демократиялык партиянын лидери Ливиу Драгня бүгүн билдиргендей, алар Румыниянын премьер-министрлигине Севил Шайдехтин талапкерлигин көрсөтүп жатат.

52 жаштагы Шайдех былтыр кыска убакыт аймактык өнүгүү министринин кызматын аркалаган.

Эгер ал президенттин жана парламенттин жактыруусунан өтүп, бекитилсе, Румыниянын биринчи аял жана мусулман премьер-министри болот.

Мусулмандар Румынияда өлкө калкынын болгону бир пайызын гана түзөт. (UE)

XS
SM
MD
LG