Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Берлиндеги кол салуу үчүн теги тунистик адам изделүүдө


Жүк тарткан унаа базарды сүзгөндөн кийинки көрүнүш. 19-декабрь, 2016-жыл.
Жүк тарткан унаа базарды сүзгөндөн кийинки көрүнүш. 19-декабрь, 2016-жыл.

Немистердин Welt жана Der Spigel басылмалары маалымдагандай, теги тунистик адам Германияга быйыл жыл башында качкын катары келген. Муну күбөлөндүргөн кагаздар жүк тарткан унаанын кабинасынан табылган.

Немис полициясы унаанын айдоочусу жакын арада табылат деп ишендирүүдө. Бирок борбордун тургундарына качып жүргөн адам куралчан экенин жана сак болууну эскертти.

- Кылмышкерди кармаш үчүн полиция күнү-түнү иштеп жатат. Тергөөнү аймактын Башкы прокуратурасы жетектөөдө,- деди Берлин полициясынын өкүлү Томас Нойндорф.

Полициянын болжолунда, кол салууну уюштурууга бир нече адам аралашкан болушу мүмкүн.

Берлинде Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдоо алдында жармаңкеге жүк тарткан унаа кирип барып, 12 адам өлүп, 50дөй киши жаракат алган.

19-декабрдагы окуядан кийин полиция пакистандык 23 жаштагы мигрантты кармаган. Бирок, анын кол салууга катышканы боюна эч бир далил табылбаганына байланыштуу бошоткон. Кечээ “Ислам мамлекети” террордук тобу Берлиндеги чабуулга шыкакчы болгонун жана анын “жоокери” жасаганын айтып чыкты.

Өткөн жылы өлкөсүнө 900 миңдей качкынды киргизгени үчүн катуу сынга кабылган канцлер Ангела Меркель эгер немис борборундагы кол салууну качкын макамын алган же муну көздөп жаткан адам жасаган болсо “жагымсыз” жагдай жараларын белгилеген.

XS
SM
MD
LG