Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Референдумга каршылар БШКга кайрылды


Президент Алмазбек Атамбаев добуш берип жаткан учур. Бишкек, 11-декабрь, 2016-жыл.
Президент Алмазбек Атамбаев добуш берип жаткан учур. Бишкек, 11-декабрь, 2016-жыл.

Референдумдун жыйынтыгын тааныбоого чакырык 11-декабрдагы референдумга каршы болгон жарандык коом өкүлдөрүнүн “Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы өткөргөн тегерек столдун резолюциясында айтылат.

Резолюцияда “Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы референдум күнү байкалган жана алар мыйзам бузуу деп эсептеген он көрүнүштү атаган. Алардын ичинде 51 175 бюллетендин жараксыз деп табылышы мурда болуп көрбөгөн жана референдумдун легитимдүүлүгүнө шек келтирген факт катары бааланган.

“Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы БШКны референдум жыйынтыгын тааныбоого чакыруу менен катар Жогорку Кеңешти БШК төрайымы Нуржан Шайлдабековага, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевге, башкы прокурор Индира Жолдубаевага, ички иштер министри Улан Исраиловго чара көрүүгө, Коомдук телерадионун башкы директору Илим Карыпбековду кызматтан алууга үндөшкөн.

БШКнын расмий эсебинде, референдумга тизмедеги шайлоочулардын 42,7 % катышып, алардын 79,6% Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү колдогон.

Президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери Конституцияга киргизилип жаткан жаңы өзгөрүүлөр парламенттик демократияны чыңдап, өкмөттүн туруктуулугун камсыздайт деп ырасташат. Бирок, сынчылар Конституцияны азыркы өзгөртүү да президенттин жана анын партиясынын жеке кызыкчылыгына багытталганын айтып келишет. (UE)

XS
SM
MD
LG