Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:00

Партиялар тизмесинде орду алмашкандар арыз жаза элек

Бишкек шаардык кеңешине келген айрым партиялардын тизмесинде орду алмашкан талапкерлер ага макулдук берип, арыз жазуусу керек. Бул тууралуу “Азаттыкка” аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. Анын айтуусунда, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынын тизмеси өзгөртүлдү. Бирок азырынча мурдагы тизмедегилер ага макулдугун билдирген арыз берише элек. Ага карабай, партиялардын сунушу менен өзгөртүлгөн тизмелер жарыяланды.

- Талапкерлер арасында өзгөртүүлөрдөн кабары жоктор бар болушу ыктымал. Андыктан алар жаңы тизме менен таанышып, ич ара такташуулар бүтсүн деген ойдо жарыяладык. Акыркы чечим тизмеден чыккан талапкер ошого макулдугун билдирип арыз жазганда гана чыгат.

11-декабрдагы шайлоодо беш партия өткөн. Жыйынтыгында КСДП – 13, “Республика – Ата Журт” – 12, “Өнүгүү-Прогресс” – 8, “Мекеним Кыргызстан” – 7, “Кыргызстан” партиясы 5 мандатка ээ болору айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG