Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:34

Bellingsat Орусиянын Украинаны аткылоосу боюнча далилдерди жарыялады


Орусиянын 2014-жылдын жайындагы артиллериялык аткылоолорунун Bellingsat түзгөн картасы.
Орусиянын 2014-жылдын жайындагы артиллериялык аткылоолорунун Bellingsat түзгөн картасы.

Ачык булактарга анын ичинде спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып иликтөө жүргүзгөн уюмдун пикиринде, 2014-жылы Орусиянын Украинага каршы багытталган артиллериялык аткылоолору “системалуу” болгон жана бул иш жүзүндө “согуш актысына” барабар аракет.

Bellingsat “Путиндин жарыяланбаган согушу” деген аталыштагы баяндамасын 21-декабрда таратты.

Анда уюм Орусия Украинанын чыгышын карай жаңжалдын алгачкы айларында артиллериялык жана ракеталык атууларды атайлап жүргүзгөнүн ырастайт.

Bellingsat уюмунун пикиринде, 2014-жылдагы бул соккулардын максаты Луганск жана Донецк облусунун чек араларындагы украин күчтөрүн талкалоо, жикчилерге жардам берүү болгон.

Баяндамада Орусиянын Луганск жана Донецк облустарынын аймагын аткылоосунун масштабына биринчи ирет коомдук баа берилген.

Украинанын жана АКШнын расмий өкүлдөрү Орусияны өз аймагында турган артиллерияны жана ракета атуучу жабдууларды украин аскерлерине каршы колдонгону үчүн буга чейин айыптап келгени менен анын масштабы тууралуу деталдуу маалымат чыгарышкан эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG