Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Роухани бүгүн расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Тышкы иштер министрлиги жогорку мартабалуу коноктун сапары боюнча кечээ брифинг уюштурган.
Ирандын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, сапар учурунда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, аймактык жана эл аралык маанидеги маселелерди талкуулашат. Ошондой эле эки тараптуу кызматташуу жаатында сүйлөшүүлөр болот.
Роухани буга чейин 2015-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген.
Атамбаев Тегеранга былтыр сентябрда расмий сапар жасаган. (SE)