Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 02:30

ЕБ АКШ менен виза боюнча сүйлөшүүлөр кечигишине кабатыр


Европа биримдигинин билдирүүсүнө караганда, АКШ менен чөлкөм ортосундагы айрым өлкөлөргө виза режимин алып салуу боюнча макулдашуу болгонуна карабай, бул жааттагы сүйлөшүүлөр азырынча натыйжасыз.

Маалыматка караганда, Кипр, Болгария, Польша жана Румыния өлкөлөрүнө визасыз режим киргизүү жаңы президент Дональд Трамп келгенде каралышы ыктымал.

Европа биримдигиндеги айрым мамлекеттердин жарандары Кошмо Штаттарга визасыз барууга мүмкүнчүлүгү жок болгондугуна байланыштуу быйыл Еврокомиссия америкалыктарга да виза режимин кайра киргизүү демилгесин көтөргөн.

XS
SM
MD
LG