Ош шаарындагы “Орунбай Ата” саунасында кыздарды сойкулукка иштетет деп шектелген 42 жаштагы аял кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, шектүү аял кардарларга кыздарды салып берип, ар биринен 2000 сомдун тегерегинде акча алып жүргөнү аныкталган. Ортомчулук кылган аялды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кабыл алып бѳлүштүрүүчү жайдын кызматкерлери 19-декабрда кармаган. (SE)