Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Мирбек Касымкулов Ош жана Жалал-Абад облустарында чек арадагы абал менен таанышууда. 17-22-декабрь күндөргө белгиленген көзөмөл жүргүзүү ишинде ал чек ара бөлүктөрүндөгү, өткөрүү пункттарындагы жагдайды көрүп чыгат.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Касымкулов узап бараткан жылда чек ара аймактарында жаңжалдар азайганын белгилеп, буга мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашырылган чаралар себеп болгонун ырастады.
- Келаткан 2017-жылы чек ара кызматкерлери тарабынан аткезчиликти жана кызматкерлер арасындагы жемкорлукту азайтуу жаатында иштер жүрөт,- деди Касымкулов Ош шаарында жергиликтүү бийликтердин, күч органдарынын башчылары менен бирге өткөрүлгөн жыйында.
Жарандар арасында айрыкча кыргыз-өзбек чек арасында каттоодо аскерлер акча сураган учурлар көп кездешери айтылып келет.
Кыргызстандын түштүк аймагы Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай менен чектешет. (SE)