Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Өкмөт өзгөчө макам алган айылдарды өнүктүрүү программасын талкуулады


Чек арадагы айыл.
Чек арадагы айыл.

Кыргызстандын чек арага танапташ жайгашкан айылдарынын абалын жакшыртууга 1 миллиард сом жумшалды. Бул тууралуу өкмөттүн 22-декабрдагы жыйынында айтылды. Маалыматка караганда, бул каражат ар кайсы булактардан алынып, айылдарга негизинен социалдык объекттер курулган.

Чек арадагы өзгөчө макамы бар айылдардын шартын жакшыртууга багытталган мамлекеттик программа боюнча аткарылган иштер чийки экенин биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев билдирип, жергиликтүү бийликти шалаакы мамиле кылган деп сындады. Анын айтуусунда, программага кээ бир айылдар шарттары жакшы болсо деле кирип калган, ошол эле учурда жардамга муктаж кыштактар көп.

Өкмөт жыйынында тизмени кайра карап чыгуу сунушталды. Кыргызстанда чек арага канаатташ жайгашкан өзгөчө макамга 59 айыл ээлик кылат. Дагы бир нече айыл мындай макам сурап жүрөт. “Чек арадагы айыл” макамы бар кыштактарга бир катар жеңилдиктер каралган. (NT/EBM)

XS
SM
MD
LG