Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн 22-декабрдагы жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, чек арадагы өзгөчө макамы бар айылдарды өнүктүрүү иштери толук аткарылган жок. Иш чала бүткөрүлдү.
Кыргызстанда облустук бийлик өкүлдөрү тарабынан “Чек ара аймагындагы айылдардын өзгөчө макамы” тууралуу мыйзамды өзгөртүп, аны берүүнүн талаптарын кайра карап чыгуу сунушу буга чейин көтөрүлүп келген. Алар зарылчылыгы жок айылдарга деле макам берилип калган деген жүйөлөрдү айтышкан.
“Чек арадагы айыл” макамы бар кыштактарга бир катар жеңилдиктер каралган. Азыр Кыргызстан боюнча жалпысынан 59 кыштак чек ара аймагындагы айыл деген өзгөчө макамга ээ. (NT/EBM)