Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Калилов: авикомпаниялар азырынча кара тизмеден чыкпайт


Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өкмөттүн 22-декабрдагы жыйынында билдирди. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылган отурумда жергиликтүү авиакомпаниялардын Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыга албай жатышынын себептери, Жарандык авиация тармагынын абалы ортого салынууда.

Министр Жамшитбек Калилов баяндама жасап, Кыргызстандын аба компанияларынын Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгаруу каржылоого көз каранды экенин айтты. Анын белгилешинче, азыркы тапта каржы булактары изделип жатат, эгер акча жетиштүү болсо жарым жыл же бир жыл ичинде тизмеден чыгууга болот. Бул үчүн жол карта иштелип чыкты.

Кыргызстандын авиа компаниялары Евробиримдиктин "кара тизмесинен" он жылдан бери чыга элек. (NT/EBM)

XS
SM
MD
LG